Эрлист Акунбеков Чүй облусундагы ирригациялык инфраструктуранын абалы менен таанышты
1 март

Эрлист Акунбеков Чүй облусундагы ирригациялык инфраструктуранын абалы менен таанышты

2026-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун аймагындагы ирригациялык инфраструктуранын учурдагы абалы менен жеринде таанышуу максатында жумушчу сапар менен болду.

Сапардын негизги максаты – аймактагы суу чарба объекттеринин иштөө абалын текшерүү, реконструкция жана курулуш иштеринин жүрүшүнө баа берүү, ошондой эле дыйкандарды сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар менен таанышуу болду.

Иш сапардын алкагында министр Москва району аймагындагы Спартак суу сактагычы жана Ак-Суу бөлүштүрүүчү дренаждык тармагында (БДР) жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыкты. Жооптуу жетекчилер суу сактагычтын техникалык абалы, топтолгон ылай катмарлары жана объектти пайдалануунун натыйжалуулугу тууралуу маалымат беришти.

Андан соң министр Жайыл району аймагындагы Кара-Балта жана Степнин суу сактагычтарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган объекттер аймактагы сугат суусунун туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт жана миңдеген гектар айдоо жерлерин суу менен камсыз кылат.

Сапардын жүрүшүндө министр суу сактагычтардын учурдагы абалына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, көпчүлүк суу сактагычтар акыркы 50 жылдан бери тазаланган эмес. Натыйжада алардын долбоордук көлөмү олуттуу кыскарган.

Мисалы, долбоор боюнча 4 млн 300 миң куб метр сууга ылайыкталган суу сактагыч бүгүнкү күндө болжол менен 2 млн куб метр гана суу топтой алат. Ал 2100 гектар сугат жерди камсыз кылат. Экономикалык эсептөөлөр көрсөткөндөй, учурдагы көлөм менен сугат жерлерин толук кандуу камсыз кылуу кыйынчылык жаратууда. Министрдин маалыматына ылайык, кошумча суу Чоң Чүй каналы жана Кара-Балта дарыясы аркылуу келип толукталууда.

“Биздин алдыбызда турган негизги максат – жаңы курулуштарды баштоодон мурда, колубуздагы суу сактагычтарды тазалап, алардын долбоордук кубаттуулугун калыбына келтирүү жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу”, – деп белгиледи министр Эрлист Акунбеков.

Сапардын жыйынтыгында ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо, суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, суу сактагычтарды этап-этабы менен тазалоо жана реконструкциялоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Аталган иш-чаралар дыйкан чарбаларын сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга, айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун арттырууга жана аймактын агрардык потенциалын чыңдоого багытталган.