Кыргызстанда Жашыл таксономиянын алкагында товарлардын визуалдык маалымдамасы презентацияланды
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Жашыл таксономиянын алкагында товарлардын маалымдамаларынын презентациясы өттү.
2026-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясына ылайык иштелип чыккан товарлардын визуалдык маалымдамаларын тааныштырууга арналган жумушчу жолугушуу өттү.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясын мындан ары ишке киргизүү боюнча кызматташуунун алкагында өткөрүлдү.
2026-жылдын 30-апрелиндеги №246 токтом менен Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясы — пилоттук жалпы улуттук классификатор бекитилген. Анын 3.2-пунктуна ылайык, төмөнкү үч сектор боюнча товарлардын визуалдык маалымдамаларын иштеп чыгуу аяктады:
- транспорт;
- энергияны үнөмдөө;
- энергетика.
Жолугушуунун жүрүшүндө GIZ долбоорунун эл аралык эксперти Тарас Серый жана улуттук эксперт Эрмек Ашыров иштелип чыккан маалымдамаларды тааныштырып, алардын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришти жана иш жүзүндө колдонуу ыкмаларын көрсөтүштү.
Визуалдык маалымдамалар Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясын иш жүзүндө колдонууга колдоо көрсөтүү жана Таксономиянын тиешелүү категорияларына кирген товарларды аныктоону жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.
