Өлкө боюнча 90 миң тоннадан ашуун минералдык жер семирткич камсыздалды
6 июль

Өлкө боюнча 90 миң тоннадан ашуун минералдык жер семирткич камсыздалды

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо иштери уланууда.

Учурда өлкө боюнча жалпы 90 387,4 тонна минералдык жер семирткич камсыздалды. Анын ичинде:

азоттук жер семирткичтер – 51 498,0 тонна, бул жалпы керектөөнүн 53,5% түзөт;
фосфордук жер семирткичтер – 37 872,0 тонна, бул 53,4% түзөт;
калийдик жер семирткичтер – 1 017,4 тонна, бул 6,7% түзөт.
Жыйынтыгында республика боюнча минералдык жер семирткичтер менен камсыз болуу деңгээли 49,6%ды түздү.

Министрлик айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында жана жетиштүү көлөмдө минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп, дыйкандарды жана фермерлерди жер семирткичтерди агротехникалык талаптарга ылайык пайдаланууга чакырат.