Экология министри Акыл Токтобаевдин төрагалыгы алдында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүүдө
29 июль

Экология министри Акыл Токтобаевдин төрагалыгы алдында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүүдө

Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын алты айында аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, негизги багыттар боюнча жетишилген көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүлүүдө.

Абанын сапатын жакшыртуу багытында калкты газдаштыруу иштери улантылууда Калкты газдаштыруунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги №270-р тескемеси кабыл алынган.

Аталган чечимдин алкагында жарандарга газдаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн 150 000 сомго чейинки өлчөмдө 3 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Буга чейин насыялар боюнча пайыздык чен 8 пайызды түзгөн.

Бул чара калкты жаратылыш газына өткөрүү иштерин кеңейтүүгө, ошондой эле абанын булганышын азайтууга багытталган.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 54 калктуу конуш газдаштырылып, 54 127 абонент газ тармагына кошулган. Алардын ичинен 33 миң үйдүн жылытуу системасы жаратылыш газына өткөрүлгөн.

Калктуу конуштарды газдаштыруу иш-чараларын жүргүзүү көмүрдүн орточо жылдык керектөөсүн болжол менен 100 миң тоннага кыскартууга мүмкүндүк берди.