Садыр Жапаров: Ат-Башыдагы сугат суу көйгөйүн чечүүгө 107 млн сом бөлүндү
Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы сугат суу көйгөйүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди.
Анын айтымына караганда, райондо сугат жерлердин жалпы аянты 32 миң гектарды түзөт.
“Сугат суу көйгөйүн чечүү багытында 2021-2025-жылдары 107 млн сом бөлүнүп Шамбет, Ача каналдары салынды, 20 млн сомдук атайын техникалар берилди жана айыл өкмөттөрүнө тиешелүү 172 чакырым канал Суу чарба башкармалыгына баланска алынды. Казыбек айылындагы суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан алынган 19 млн сомдук насыяны мамлекет тарабынан төлөп берүүгө кошумча каражат бөлүнгөндүгүн айта кетейин. Сары-Коо насостук станциясын реконструкциялоо, Чет-Келтебек участкасына 1 млн кубдук БСР куруу, Чекенди, Сары-Тал, Ичке-Таш-Рабат каналдарын куруу боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди мамлекет башчысы.
