КР ӨКМ
23 март
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы таштандылардан тазаланууда
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Бүгүн, 23-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында аталган дарыянын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан зарыл болгон бардык күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө бөлүнгөн.
Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.
Министр кызматкерлерге ишти ыкчам, сапаттуу жүргүзүүнү жана өз үйлөрүндөй мамиле жасап, жоопкерчилик менен иштөөнү тапшырды.
