Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев “Жалал-Абад Органик – 2026” форумуна катышты
Бүгүн Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгынын жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин ушул жылдын 2-мартындагы буйругунун алкагында уюштурулган Жалал-Абад Органик – 2026” форуму өттү.
Форумду Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ачып, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо, калктын ден соолугун сактоодо, айлана-чөйрөнү коргоодо жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Өз сөзүндө облус башчысы Жалал-Абад облусу мөмө-жемиш, жаңгак, бал, эт-сүт жана башка экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө зор потенциалга ээ экенин белгиледи.
Иш-чарага Борбордук Азиянын Багбандар союзунун төрагасы Абдулла Ташиев, агрохолдингдин негиздөөчүсү, “Бай Элим” компаниясынын башкы директору Рысгүл Акимжанова, “Био Сервис” коомдук фондунун директору Гүлзада Кудайбердиева, “Салих и Ко” компаниясынын директорунун орун басары Хусниддин Кадыров, “Айыл Дан” фермердик чарбасынын жетекчиси Абдымырза Токтогулов, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, дыйкан-фермерлер жана ишкерлер катышты.
Тилек Текебаев форум мамлекеттик органдар, бизнес өкүлдөрү, фермерлер жана адистер үчүн тажрыйба алмашууга, кызматташууну кеңейтүүгө жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого маанилүү аянтча болоруна ишеним билдирди.
Форумдун алкагында спикерлер тарабынан органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, заманбап технологияларды жайылтуу, өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
