Кыргызстан менен Грузия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев менен Грузиянын Айлана чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри Давид Сонгулашвили ветеринария жаатында ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум менен алмашты.
Аталган меморандум жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу, ветеринардык коопсуздукту чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ветеринардык кызматтарынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.
Документтин алкагында тараптар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тирүү жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоо жана импорттоо боюнча ветеринардык-санитардык талаптарды өркүндөтүү боюнча кызматташууну күчөтөт.
Тараптар бул кызматташтык ветеринардык коопсуздукту камсыздоого, мал чарба продукциясынын соодасын жеңилдетүүгө жана эки өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
