Өсүмдүктөргө жана бак-дарактарга зыян келтиргендер бир жылда 3 миллион сомдон ашуун айыппул төлөшкөн
9 ноябрь

Өсүмдүктөргө жана бак-дарактарга зыян келтиргендер бир жылда 3 миллион сомдон ашуун айыппул төлөшкөн

Кыргызстанда өсүмдүктөргө жана бак-дарактарга зыян келтирүү беренеси боюнча төлөтүлгөн айыппулдар бир жылда 3 миллион сомдон ашкан. Бул тууралуу экология министринин орун басары Алмаз Мусаев Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, шаар ичиндеги бак-дарактарды кыюу боюнча (аталган кодекстин 114-, 115-беренесине ылайык) бак-дарактын диаметри жана түрүнө жараша 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин айыппул каралган.

Мусаевдин айтымында, 30-октябрда Министрлер Кабинети 2027-2031-жылдарга калктуу конуштарды жана шаарларды жашылдандыруу боюнча программаны бекиткен токтом чыгарган.

“Биз мурда көчөттөрдүн санына басым жасачу элек. Эми негизги максат – көчөттөрдүн сапаты, алар отургузулган жердин аянты жана байырлашып кеткен көчөттөрдүн саны болууда. Шаарларда кээ бир курулуштарды жашылдандыруу мүмкүн болбой калган, мисалы, даракты башка жерге көчүрүү тоскоолдукка учураган жерлер бар, аларды мыйзамдаштырып берсек, жашылдандыруу маселеси чечилет”, – деди ал.