Германияда 800 жылдык сепил 1 еврого сатылууда, бирок аны оңдоого 20 млн евро керек
Германиянын Бад-Дюбен шаарынын бийлиги орто кылымдарга таандык Шнадитц сепилин символикалык 1 еврого сатыкка койду. Бирок аны сатып алган адам тарыхый имаратты калыбына келтирүүгө кеминде 20 млн евро жумшоого тийиш. Бул тууралуу Германиянын Bild басылмасы шаардын мэри Матиас Митке шилтеме берүү менен жазды.
Сепил Саксония федералдык аймагындагы Шнадитц районунда жайгашкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал 1237-жылы курулган. Демек, тарыхы дээрлик 800 жылды түзөт.
Тарыхый имараттын жалпы аянты 1 миң 12 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде жашоочу бөлмөлөр жана рыцарлар залы бар. Архитектуралык комплекске эки мунара кирет. Сепилдин жанында 1794-жылы негизделген эски парк жайгашкан.
Мэрдин айтымында, сепил шаар үчүн гана эмес, бүтүндөй Саксония аймагы үчүн тарыхый баалуулукка ээ. Муниципалдык бийлик архитектуралык эстеликти сактап, ага жаңы өмүр бере турган инвесторду табууну көздөөдө.
Ошол эле учурда имаратты калыбына келтирүү чоң каражатты талап кылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, оңдоо иштерине кеминде 20 млн евро керектелет.
Мындан тышкары, тарыхый мурастарды коргоо боюнча катуу талаптар да тоскоолдук жаратууда. Мэрдин билдиришинче, реставрациядагы анча чоң эмес иштердин өзү да кеңири документтерди даярдоону жана тиешелүү макулдашууларды талап кылат. Бул жараян бир нече айга, ал тургай жылдарга созулушу мүмкүн.
Бийлик сепилди мындан ары кандай максатта пайдалануу боюнча бир нече вариантты караштырууда. Атап айтканда, имаратка мейманкана, карылар үйү, билим берүү борбору же мектеп-интернат жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилей кетсек, буга чейин да сепилди калыбына келтирип, туристтик жайга айландыруу аракети болгон. Бирок долбоор ишке ашкан эмес. Эми жергиликтүү бийлик тарыхый имаратты сактап кала ала турган жаңы кожоюн табууга үмүттөнүүдө.
