Cалык кызматы кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү
Мамлекеттик салык кызматы
9 ноябрь

Cалык кызматы кол өнөрчүлөргө салык салуу жана ишкердикти каттоо өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кол өнөрчүлүк менен жаңыдан алектене баштаган жана иштеп жаткан кол өнөрчүлөргө салык системасы жана кол өнөрчүлүк тармагына салык салуу маселелери боюнча маалымат беришти. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Окутуу ата мекендик кол өнөрчүлөр үчүн уюштурулган «Салттуу кол өнөрчүлүк тармагында маданий туристтик продуктыларды иштеп чыгуу» аттуу тренингдин алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери кол өнөрчүлүк ишмердүүлүгүнө карата колдонулуучу салык режимдери, ишкердикти расмий каттоо жана жүргүзүү тартиби, ошондой эле мыйзамдарда каралган мүмкүнчүлүктөр жана талаптар тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Мындан тышкары, салык тармагындагы реформалар, санариптештирүү жана салыктык администрациялоону оптималдаштыруу процесстери жөнүндө маалымат берилип, алардын салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүүгө жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленди.

Ачык диалог форматында өткөн жолугушууда тренингдин катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, ишмердүүлүгүндө кездешкен көйгөйлөрдү ортого салышты жана салык кызматынын адистеринен тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алышты.

Ошондой эле мамлекеттик органдар менен кол өнөрчүлөр коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун зарылдыгы белгиленди. Катышуучулар мамлекеттик органдар менен өз ара байланышты кеңейтүүнүн келечегин жана мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Мындай жолугушуулар кол өнөрчүлөрдүн салыктык сабаттуулугун жогорулатууга, жоопкерчиликтүү ишкердикти өнүктүрүүгө жана кол өнөрчүлүк тармагынын туруктуу өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.