Ала-Арчага барам деп кеткен 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болууда
Аламүдүн районундагы “Ала-Арча” жаратылыш паркында дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 8-ноябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан “Электро” чокусуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы (айрым маалыматтарда 15) Амир Кумакунов өспүрүм тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Аламүдүн РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өспүрүм 2026-жылдын 7-ноябрында эртең менен саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ал бир тууган агасына “Ала-Арча” жаратылыш паркына чуркаганы бара жатканын айткан. Кийинчерээк анын уюлдук телефонуна туташкан “2GIS” тиркемесиндеги геолокация боюнча акыркы жайгашкан жери “Электро” чокусунун аймагы экени аныкталган.
2026-жылдын 7–8-ноябрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоо-издөө отряды тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок азырынча натыйжа чыккан эмес.
Учурда өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоо жана табуу максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы тиешелүү кызматтарга багыттамалар жөнөтүлүп, издөө иш-чаралары улантылууда.
Чүй ОИИББ жарандардан дайынсыз болуп жаткан өспүрүм тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар болсо, төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кабарлоону өтүнөт: 102 же 0312 43-88-85.
Издөө иштеринин жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун маалыматына караганда, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде онлайн жыйын өтүп, издөө ишин күчөтүү тапшырмасы коюлду.
ӨКМ курамы, тажрыйбалуу альпинисттер, дрон учурган ыктыярчылар дагы аралашып жатат. Издөө ишине тик учак дагы чыгат.
