Бир дарак үчүн 5 көчөт: Бекешев жашылдандырууну жакшыртуу үчүн мыйзам долбоорун сунуштоодо
9 ноябрь

Бир дарак үчүн 5 көчөт: Бекешев жашылдандырууну жакшыртуу үчүн мыйзам долбоорун сунуштоодо

Көп кабаттуу үй куруу үчүн бак-дарактарды кыюуга туура келген курулуш компаниялары 1 дарак үчүн 5 дарак карыз болушат. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев тиешелүү мыйзам долбоорун комитеттин кароосуна койду.

Депутат белгилегендей, мыйзам долбоорунда кичинекей көчөт тууралуу сөз болуп жаткан жок.

“Биз ири көчөт деп айтып жатабыз. Мисалы, мэрия кечирип койсун, аларда мындай болуп жатат: бир жерде дарактарды кыйышса, ордуна көчөт отургузуп жатабыз дешет. Ал го жакшы. Бирок көчөттөр кичинекей, такыр өспөйт. Мыйзам долбоорунда ири көчөттөрдү, керек болсо көчөтканадан алып келип отургузушсун деп айтып жатабыз”, - деди Бекешев.

Депутат Нилуфар Алимжанова кыйылган бак-дарактын пайдасына жараша 10-15ке чейин көчөт тигүүнү милдеттендирүүнү сунуштады.

“Көчөт отургузуп коюу менен маселе чечилбейт. Ал жашап кетиши керек, экологияга, жарандардын ден соолугуна пайдасын тийгизиши керек. Көчөттөрдү отургузуу жана аны өстүрүү милдети кимге жүктөлөт, курулуш компанияларынабы?” – деди ал.

Бекешевдин айтымында, бул боюнча мыйзам долбоорунда мындай жазылган: курулуш компания дарактарды кыйдырса, көчөт тигип жана өзү 3 жылга чейин аны карашы керек.

“Эгерде жаран батир алам десе, компаниялар буклетте токойду көрсөтүшөт. Бул жерде токой болот, жашылдандыруу эң мыкты жолго коюлган дешет. Бирок үйдү пайдаланууга берээрде 3-4 көчөт тигип коюшат. Анысы болсо бир айдан кийин куурап калат. Анткени сугат системасы жок. Биз ошондуктан компания сугат системасын орнотуп, 3 жыл карасын, чоңойтуп берсин деп жатабыз. Ал турмак компанияларга жашылдандырууга багытталган каржысын көрсөтүүсүн да талап кылабыз. Мындай каражат бар, аны сугат системасына жумшайбыз деши керек”, – деди Бекешев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, буга чейин бир дарак үчүн 15ке чейин көчөт деп белгиленген. Бирок ишкерлер менен сүйлөшкөндө, талашып-такташып жатып, 5 көчөткө макулдашышкан.