Түп районундагы Түп айылында 750 окуучуга ылайыкталган чоң мектеп курулууда
Курулуш министрлиги
9 ноябрь

Түп районундагы Түп айылында 750 окуучуга ылайыкталган чоң мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында 750 окуучуга ылайыкталган чоң мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин жалпы наркы 438 миллион сомду түзөт.

Мектептин курулушу 2024-жылдын июль айында башталган. Бүгүнкү күндө имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички курулуш жана жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 5315 чарчы метрди түзөт. Мектеп эки кабаттан туруп, анда негизги предметтер боюнча окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан текшерилип, көзөмөлдөнүүдө.