ЖКККББ
9 ноябрь
Кыргызстандын аймагында бир жумада 21,8 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 30-ноябрдан 5-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 21 миң 812 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 632;
- Мас абалында унаа каражатын башкаруу – 368;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 293;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 538;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 1 055;
- Автоээнбаштык – 26;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 924;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 15 582;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 388 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
