Коронавирустун PJ.2.1 жаңы штаммын сасык тумоо менен чаташтыруу оңой – ДССУ белгилерин эскертти
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун PJ.2.1 жаңы вариантынын белгилери кадимки сасык тумоого же гриппке окшош болушу мүмкүн экенин эскертти. Оорунун белгилерине карап адам кайсы вирус жуктурганын так аныктоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул тууралуу 8-ноябрда РИА Новости агенттиги ДССУга шилтеме берүү менен билдирди.
Адистердин түшүндүрмөсүнө караганда, COVID-19, грипп жана башка респиратордук инфекциялар дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, тамактын оорушу, мурундун бүтүшү же сууланышы, баш оору жана жалпы алсыздык менен коштолушу мүмкүн.
Уюм белгилегендей, так диагноз коюу үчүн оорунун белгилери гана жетишсиз. Эгерде вирустун түрүн аныктоо дарылоо ыкмасын тандоого таасир этсе, лабораториялык текшерүүдөн өтүү талап кылынышы мүмкүн.
Коронавирустун PJ.2.1 жаңы варианты алгач 2026-жылдын май айында Канадада аныкталган. Кийинчерээк АКШда, Европа өлкөлөрүндө жана дүйнөнүн башка аймактарында катталган.
Айрым адистердин божомолунда, бул вариантты жуктурганда тамак катуу ооруп, оорудан кийин алсыздык узакка созулушу мүмкүн. Бирок ДССУ азырынча PJ.2.1 башка тарап жаткан коронавирус варианттарына салыштырмалуу өзгөчө белгилерди жаратарын же оорунун кыйла оор өтүшүнө алып келерин тастыктаган жетиштүү далилдер жок экенин белгилейт.
Адистер инфекциянын жайылышына байкоо жүргүзүп, жаңы варианттын өзгөчөлүктөрүн изилдөөнү улантууда. Декабрь айында ДССУнун адистери SARS-CoV-2 вирусунун, анын ичинде PJ.2.1 вариантынын жайылышы боюнча маалыматтарды талдап, COVID-19га каршы вакциналардын курамына байланыштуу сунуштарды даярдоону пландашууда.
Дарыгерлер респиратордук инфекциянын белгилери пайда болгондо адам өзүнүн абалына гана эмес, медициналык текшерүүнүн жыйынтыгына да көңүл бурушу керектигин эскертишет. Айрыкча улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар сак болушу зарыл.
Дем алуу кыйындаса же абалы кескин начарласа, дароо медициналык жардамга кайрылуу керек.
