Каримбердиканалы ишке кирсе, 1000 гектарга жакын жер өздөштүрүлөт
28 июль

Каримбердиканалы ишке кирсе, 1000 гектарга жакын жер өздөштүрүлөт

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн Каримберди бөлүмүнө узундугу 16 км болгон Каримберди каналынын курулушу аяктоо алдында турат.

Аталган канал келерки жылы пайдаланууга берилип, 1000 гектарга жакын жер өздөштүрүлөт. Каналдын сметалык баасы 850 миллион сомду түзөт.

Министрлик тарабынан 380 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн түтүктөр сатып алынды. Жакынкы күндөрү монтаждоо иштери башталат. Ал жерге  көп жылдык бак-дарактар отургузулуп, органикалык мөмө жемиш өндүрүлүп, экспортко чыгаруу пландалган.