Соң-Көлдөн 2,5 чакырым узундуктагы балык уулоочу торлор чыгарылды
11 июнь

Соң-Көлдөн 2,5 чакырым узундуктагы балык уулоочу торлор чыгарылды

Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддин жүрүшүндө болжол менен 2,5 чакырым синтетикалык балык уулоочу тор алынып, көлдүн акваториясы тазаланды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 10-июнунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында сууга мыйзамсыз коюлган эски синтетикалык торлор чыгарылды.

Мындан тышкары, бир күн мурда Ысык-Көлдө да мыйзамсыз балык уулоочу торлорду алып салуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада жалпы узундугу бир чакырымдан ашкан синтетикалык торлор жана 25 килограмм тиричилик таштандысы көлдөн чыгарылган.

Министрликтен белгилешкендей, мындай иш-чаралар президенттин Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн экосистемасын сактоо, балык ресурстарынын популяциясын калыбына келтирүү максатында аталган көлдөрдө балыкты өндүрмөлүк кармоого киргизилген мораторий тууралуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Адистер мыйзамсыз балык уулоочу торлор көлдөрдүн экосистемасына жана балык коруна олуттуу зыян келтирерин белгилеп, жарандарды жаратылышты коргоо талаптарын сактоого чакырышты.