Тармактык комитет өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына тиешелүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоп берди
22 июнь

Тармактык комитет өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына тиешелүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоп берди

Бүгүн, 22-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеси менен “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, колдоо тапты. 

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Камила Талиева мыйзам долбоору геопарктардын улуттук тарамын түзүүгө, уникалдуу геологиялык объектилердин сакталышын жана туруктуу туризм аркылуу региондордун ѳнүгүүсүн камсыз кылууга багытталгандыгын баса белгиледи. 

“Геопарктардын коом үчүн маданий жана социалдык мааниси өтө чоң. Андыктан биз экологиялык аң-сезимди гана өстүрбөстөн, улуттук мурастарыбызды көздүн карегиндей сактоого аракет кылуубуз кажет”, – деген депутат атайын презентация көрсөтүп, мыйзам долбоорунун маңызы тууралуу кенен кеп кылды. 

Талкуу маалында депутат Махабат Мавлянова демилге колдоого татыктуу экенин билдирип:

“Биздин өлкөбүздүн 94%ын тоолор түзөт. Биз буга кубануу менен андан акча табууну өздөштүрүшүбүз керек. Ар бир районго геопарктарды түзүп, жергиликтүү элдин кирешесин арттырууга мүмкүнчүлүк беришибиз зарыл”, – деди.  

Ошону менен катар экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо да маанилүү экенине токтолгон депутат айрым тактоочу суроолоруна жооп алды.

Ал эми депутат Алишер Козуев өлкөбүзгө келген туристтердин санын көбөйтүүгө байланышкан сунуштарын айтып, аталган багыттагы маалыматтык саясатты күчтөндүрүүгө чакырды. Андан тышкары, жерлерди трансформация маселесинде көйгөйлөр жаралбайбы деген суроо узатты.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин өкүлү бул жаатта көйгөйлөр жок экенин белгилеп, бардыгы мыйзам чегинде чечилерин кошумчалады.