ӨК министри Канатбек Чыныбаев сай жээктерин бекемдөө иштерин көрүп чыкты
ӨК министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусунда болгон иш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында да болду. Аталган аймактын Өрүкзар тилкесинде жергиликтүү эл менен жолугушуп, айылды аралап өткөн сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө жана учурда жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерин көрүп чыкты.
Ал эми Лейлек районунун Айкөл айылында болгон жолугушууда шаар жетекчилигине сай жээгин бекемдөө үчүн капиталдык курулуш департаментине сунуш берүү, долбоордук-сметалык иш кагаздарын тез арада даярдоо, келерки жылдын иш-мерчемине сунуш берүү тапшырмасы берилди.
Шор-Булак сел өткөрүүчү каналы боюнча тиешелүү иш кагаздары даяр болгондуктан, кошумча каржы булактарын изилдөө жана ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчемине сунуш берүү милдети коюлду.
Сүлүктү шаары боюнча ӨКБнүн өздүк курамы менен жолуккан министр жаңы имараттын курулушунан да кабар алып, курулуш иштери жай жүрүп жаткандыгын, ал эми Лейлек району боюнча ӨКБнүн имаратынын ордуна заманбап үлгүдөгү бөлүктүн курулуш иштерин баштоо жана ал боюнча жер тилкесин табуу маселеси жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда айтылды
