ИИМ пиротехникалык буюмдарды колдонууда сак болууга чакырат
30 декабрь

ИИМ пиротехникалык буюмдарды колдонууда сак болууга чакырат

Жаңы жылдык майрамдардын алдында Кыргыз Республикасынын аймагында "Укук тартиби" комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чарасы уланууда. Анын алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузууларды алдын алууга багытталган "Пиротехника" рейдине өзгөчө көңүл бурулууда.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатууга жана колдонууга көзөмөлдү күчөтүү боюнча алдын алуу иш-чараларды өткөрүүдө. Негизги максат-тастыктамасы жок жана мыйзамсыз жүгүртүүдөгү пиротехниканы колдонуу менен байланышкан өрттөрдүн, жаракаттардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу.

Рейддик иш-чаралар базарларда, соода түйүндөрүндө жана жарандар көп чогулган жерлерде өткөрүлүүдө. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу фактылары, ошондой эле аларды сактоонун жана сатуунун белгиленген эрежелерин бузуулар аныкталып, бөгөт коюлууда.

ИИМ жарандарды пиротехниканы колдонууда коопсуздук чараларын катуу сактоого, буюмдарды уруксат берилген жерлерден гана сатып алууга, сапат тастыктамаларын жана колдонуу боюнча нускамалардын болушуна көңүл бурууга, ошондой эле мыйзамсыз соодага катышпоого чакырат.

Эскерте кетсек, пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу жана колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.