Ошто таштандыларды утилдештирүүчү заманбап заводдун курулушу жанданат
21 март

Ошто таштандыларды утилдештирүүчү заманбап заводдун курулушу жанданат

Күн мурун, 20-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытайдын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштерин жандандырып, ишти активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан каралып, чечилип бериле тургандыгын билдирди.

Аталган завод ишке кирсе, жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.