Жапаров менен Рахмон Душанбеде искусство чеберлеринин концертин көрүштү
8 июль

Жапаров менен Рахмон Душанбеде искусство чеберлеринин концертин көрүштү

Бүгүн, 8-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарындагы "Кохи Борбад" мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин "Түбөлүк достук" деп аталган концертин көрүштү.

Көрүүчүлөргө Кыргызстан менен Тажикстандын жамааттарынын жана аткаруучуларынын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.

Иш-чарада эки өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган салттуу жана заманбап музыкалык жана бий өнөрлөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандын атынан иш-чарада Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Нурдин Тугелов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинин солисттери, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, ошондой эле Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри чыгышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын жана Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.