Жалал-Абадда Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди
3 март

Жалал-Абадда Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Саамалыктын миңден ашуун катышуучусу борбордук аянттан Аюб-Тоо боорундагы “Жалал-Абад” жазуусу коюлган стелага чейин жөө жүрүштөн өтүштү.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагагасы Орозбек Турдубеков, мекеме-ишкана жамааттары, мугалимдер жана студенттер катышты.

Эске салсак, КРнын Мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийин 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынып, 2023-жылы өзгөртүү киргизилген. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыяланган.