Кыргызстандык катышуучу Россияда өткөн эл аралык “Алдын согун” сынагында жеңүүчү болду
12 август

Кыргызстандык катышуучу Россияда өткөн эл аралык “Алдын согун” сынагында жеңүүчү болду

Кыргызстандык катышуучу Туванын борбору Кызыл шаарында (Россия) өткөн эл аралык “Алдын согун — Алтын жебе” сынагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Сынак 8–10-август күндөрү өтүп, анда Кыргызстандын атынан жаш ырчы Аэлита Таалайбекова катышкан. Ал тува тилинде “Аныяктар” жана “Курманбек” ырларын аткарган.

Тывадагы сынакка Казакстандан, Башкортостан, Бурятия, Хакасия, Тоолуу Алтай, Калмакстан жана башка аймактардан 20дан ашуун ырчы катышкан.

Эл аралык “Алдын согун” сынагы быйыл алгач ирет өткөрүлүп, ал Туванын эмгек сиңирген артисти Аяс Данзырынын жаркын элесине жана Ата Мекенди коргоочунун жылына арналган.