Баткен: Кара-Бак айылындагы маданият үйү толук жаңыланды
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылындагы маданият үйү толук капиталдык оңдоодон өттү.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 16 миллион сомдон ашты.
Аянты 656 чарчы метрди түзгөн маданият үйү 320 көрүүчүгө ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген техникалык жабдуулар менен камсыздалды.
Жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.
