Ысык-Көл облусунун Тон районуна караштуу Кажы-Сай айылында KolFest 2026 фестивалы өтүп атат
25 июль

Ысык-Көл облусунун Тон районуна караштуу Кажы-Сай айылында KolFest 2026 фестивалы өтүп атат

Фестивалга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Джумакадырович Кубатов катышты.

Иш-чаранын негизги максаттарынын Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытуу, ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле аймактын маданий өзгөчөлүктөрүн, кол өнөрчүлүгүн жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо болуп саналат.

Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси, улуттук маданий программа, чыгармачыл концерттер, спорттук жана көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулуп, келген коноктор үчүн түрдүү мастер-класстар жана жергиликтүү азык-түлүктөрдүн жарманкеси сунушталууда.

Мындай фестивалдар аймактардын туристтик потенциалын арттырууга, жергиликтүү ишкерлерди колдоого жана Кыргызстандын туристтик брендин чыңдоого олуттуу салым кошот.