Ош шаарында Республикалык театр фестивалы башталды
Ош шаарында 15-сентябрда XIII Республикалык театр фестивалы старт алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз ССРнин эл артисти С. Андабековдун 100 жылдыгына арналган.
15-сентябрда фестивалдын алгачкы күнү С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры “Кыямат” спектаклин сахналаштырды.
Жалпысынан республиканын 14 театры ар бири бирден спектакль коюп, көрүүчүлөргө сунуштайт.
Максаты: Улуу Жеңишти даңазалоо, С. Андабековдун чыгармачылык мурасын эскерүү, кыргыз театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашуу, жаш актёрлорду жана жаңы чыгармачылык күчтөрдү колдоо.
Фестивалдын ачылыш аземи 16-сентябрда саат 11:00дө, ал эми жабылыш аземи 20-сентябрда 18:00до С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт.
Спектаклдерге кирүү акысыз.
Белгилей кетсек, фестиваль Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган.
