Венгриядагы улуттук академияга кыргыз бой үйү белекке берилди
Венгрия Республикасындагы Лаки-Телек улуттук академиясында кыргыз элинин улуттук маданиятын жана руханий мурасын даңазалаган салтанаттуу иш-чара өттү.
КР Маданият министрлигинен кабарлашкандай, анын алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан академияга кыргыз боз үйү белекке берилип, залкар акын Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» китебинин мажар тилиндеги басылышынын бет ачары болду.
Салтанатка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчиси Элдар Абдылдаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, каада-салтын жана руханий мурасын эл аралык деңгээлде таанытуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз боз үйүнүн белекке берилиши эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.
Ошондой эле Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» китебинин мажар тилинде жарык көрүшү кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга жана кыргыз-мажар маданий кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Салтанат Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчыларынын жана төкмө акындарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.
Өнөрпоздор кыргыз элинин байыркы эпикалык мурасын, төкмөлүк өнөрүн жана улуттук музыкалык маданиятын тартуулашты.
Аталган иш-чара кыргыз элинин бай маданий мурасын чет өлкөлөрдө кеңири жайылтууга, элдер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жана эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.
