Кыргызстандык студенттер Россияда өтчү эл аралык искусство фестивалына катышат
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Б. Ибраев атындагы Театралдык окуу жайынын студенттери Россия Федерациясынын «Сириус» федералдык аймагында өтүүчү «Сириус – Роза Хутор» эл аралык искусство фестивалына катышат. Бул тууралуу КР Маданият министрлиги билдирет.
Аталган фестиваль балдардын жана жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуусуна жана искусствонун ар түрдүү багыттары боюнча чыгармачылык байланыштарды чыңдоого багытталган.
Иш-чара «Талант и успех» билим берүү фонду тарабынан уюштурулууда.
Фестивалдын чыгармачылык программасынын алкагында Б. Ибраев атындагы Театралдык окуу жайынын студенттери кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган «Кулмырза жана Аксаткын» лирикалык дастанынын сахналаштырылган вариантын тартуулашат.
Кыргызстандык жаш театр өнөрпоздорунун эл аралык фестивалга катышуусу кыргыз театр искусствосун жана улуттук маданий мурасты чет өлкөлүк көрүүчүлөргө таанытууга, жаш чыгармачыл муундун кесиптик тажрыйбасын кеңейтүүгө жана эл аралык чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт.
Фестивалдын жүрүшүндө жаш артисттер чыгармачылык программага катышып, чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашат. Ошондой эле театр искусствосундагы жаңы ыкмалар менен таанышып, театрдык билим берүү багытындагы эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүшөт.
