Бишкекте "Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли коюлду 
Маданият министрлиги
31 март

Бишкекте "Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли коюлду 

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Бишкек шаарындагы жумалыгы 30-мартта "Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли менен башталды.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, спектакль Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Арслан Койчиевдин "Тагдыр жөнүндө ыр" чыгармасы боюнча коюлган "Бир келип кетчи Ош жакка" эпопеялык спектаклди борбор калаанын көрүүчүлөрү овация менен кабыл алышты.

Спектаклге автор Арслан Койчиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев катышып, чыгарма жаратуучуларды жылуу куттукташты.

“Бир келип кетчи Ош жакка” улуттук тарыхтын татаал барактарына жетелеп, адам тагдыры менен доор сыноосунун айкалышын терең философиялык деңгээлде ачып берет. Спектаклде 30-40-жылдардагы кыргыз айылынын турмушу, экологиялык көйгөй, ошондой эле репрессия жана Улуу Ата-Мекендик согуш сыяктуу тарыхый окуяларда адам тагдыры, согуштун азабы жана Мекенден алыс жүргөн адамдын ички трагедиясы чагылдырылат.

Спектакль бүгүн, 31-мартта да коюлат. Ошондой эле, театр жумалыгынын алкагында дагы бир катар мыкты спектаклдер борбор калаа көрүүчүлөрүнө тартууланмакчы.