Бишкекте жаңы форматтагы “Россия сиз менен” аталыштагы ресурстук борбор ачылды
Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында бүгүн “Россия сиздер менен” аттуу жаңы форматтагы ресурстук борбордун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери, “Россотрудничествонун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев жана китепкананын кызматкерлери катышты.
Ресурстук борбор – бул россиялык дизайнерлер лекцияларды жана көргөзмөлөрдү, дискуссиялык клубдарды жана тематикалык студияларды, сабактарды жана мастер-класстарды өткөрүү үчүн шарттарды түзгөн жогорку технологиялуу маданий-агартуу мейкиндиги.
Борборду ар кандай курактагы аудитория пайдалана алат, бирок биринчи кезекте балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга арналган.
Жылдын аягына чейин ресурстук борбордо мектеп окуучулары жана алардын мугалимдери үчүн физика жана биология боюнча иммерсивдик мастер-класстар, мектеп окуучулары жана алардын мугалимдери үчүн робототехника боюнча мастер-класстар, санариптик лабораторияларды колдонгон кичинекей балдар үчүн илимий эксперименттердин фестивалы өткөрүлөт.
12 жашка чейинки балдар үчүн сүйлөө китептери жана “Знаток” калемдери, электрондук плакаттар, орус мультфильмдерин көрүү үчүн интерактивдүү стол жана DIBO курулуш комплекттери бар оюн аянтчасы каралган.
