Бишкекте XI эл аралык бий олимпиадасы өттү
Бишкек шаарында XI эл аралык бий олимпиадасы ийгиликтүү өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара 5-7-июнь күндөрү болуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген күчтүү бийчилер жана командалар катышты.
Олимпиада эл аралык деңгээлдеги ири маданий-спорттук аянтча болуп, катышуучулар бий искусствосунун ар кыл багыттарында өнөр көрсөтүштү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ийгилик каалады.
Программага төмөнкүлөр кирди:
— Борбор Азия чемпионаты (бардык бий багыттары боюнча)
— «ВЕРШИНА» фестивалы (баалоосуз формат)
— Спорттук мажореткалар жана батон твирлинг боюнча Азия чемпионаты
— «KYRGYZSTAN OPEN» чир спорт боюнча эл аралык турнир
— Бишкек шаарынын чир спорт боюнча чемпионаты жана биринчилиги
Иш-чарада 100дөн ашык дисциплина камтылып, хип-хоп жана K-pop багыттарынан тартып чыгыш, болливуд жана улуттук бийлерге чейин ар түрдүү жанрлар көрсөтүлдү. Катышуучулар 3 жаштан 100 жашка чейинки курактагы өкүлдөрдөн түзүлдү.
Олимпиада жыйынтыгында мыкты катышуучулар жана командалар жеңүүчү деп табылып, атайын номинациялар жана сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана бий искусствосун жайылтуу максатын көздөдү.
