Мадыген геопаркына кароо аянтчасы курулду
14 октябрь

Мадыген геопаркына кароо аянтчасы курулду

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Мадыген жерлигине бийиктиктен кароо аянтчасы курулду.

Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 2 млн 700 миң сом сарпталды.

Кароо аянтчасы Баткен облусунун 25 жылдыгына 25 объекттин катарында ачылып, пайдаланууга берилди.