Бельгияда Айтматовдун чыгармачылыгына арналган кече өттү
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары үчүн улуу жазуучу, көрүнүктүү дипломат жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана “Манас” эпосунун мурастарына арналган кечени өткөрдү.
КР ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын алкагында конокторго Т. Герцендин “Манас” эпосуна арналган иллюстрациялар галереясы жана Ч.Айтматовго арналган фотокөргөзмө тартууланды.
Кеченин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири кыргыздын салттуу боз үйүнүн орнотулушу болду. Анда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстаныбыздын бай маданий мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Коноктордун таасирлери жана каалоо-тилектери Ч.Айтматовдун кабинет-музейиндеги ардактуу коноктордун китебинде чагылдырылды.
Элчилик Брюсселде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына жана СССРдин Эл артисти С.Чокморовдун 85 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды улантат.
