ДКО: Бишкектин бардык райондорунда фан-зоналар уюштурулат, кайдан жана саат канчада көрүүгө болот?
2026-жылдын 31-августунда Бишкек шаары ири эл аралык майрамдын бир бөлүгү болуп, борбор калаада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун майрамдык иш-чараларга катышып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин түз эфирдеги көрсөтүүсүн чогуу көрүүгө чакырат.
Коноктор үчүн өнөрпоздордун жана чыгармачыл топтордун концерттик программалары, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары уюштурулат.
Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат.
Октябрь районунда фан-зоналар Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» скверинде жана «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда иштейт.
Ленин районунда фан-зоналар Фучик атындагы паркта, Ак-Ордо конушундагы «Ашар» паркында жана Жал кичи районундагы «Муун» скверинде уюштурулат.
Биринчи май районунда оюндардын ачылыш аземин Ч. Түлөбердиев атындагы паркта (Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде), Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплексинде, ошондой эле Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан скверден көрүүгө болот.
Свердлов районунда фан-зоналар Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплексинде, Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектебинде (1А дареги) жана Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектебинде иштейт.
Белгилей кетсек, борбор калаанын төрт районунда уюштурулган бардык фан-зоналар саат 16:00дө өз ишин баштайт.
