Сүрөт ачык булактардан алынды
28 август
Сумкаңызды текшерип алыңыз! Көчмөндөр оюндарына эмнелерди алып кирүүгө тыюу салынат?
Ушул жылдын 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл жергесинде өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына миңдеген коноктор келери күтүлүүдө.
Маданият министрлигинен иш-чарага келген көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында айрым буюмдарды оюндар өтүүчү аймактарга алып кирүүгө тыюу салынарын эскертишти.
- Курал-жарак жана ок-дарылар
- Бычак, курч миздүү жана башка кооптуу буюмдар
- Жарылуучу заттар жана пиротехникалык каражаттар
- Күйүүчү, тез тутануучу жана химиялык заттар
- Спирттик ичимдиктер
- Айнек бөтөлкө жана башка айнек буюмдар
- Лазер көрсөткүчтөр
- Уруксатсыз дрондор жана учуучу аппараттар.
Бул талаптар биринчи кезекте көрүүчүлөрдүн, спортчулардын, коноктордун жана уюштуруучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киргизилген.
Ошондуктан оюндар өтүүчү жайга жөнөп жатканда сумкаңыздагы буюмдарды алдын ала текшерип алыңыз.
