27–28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандагы Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт
24 июль

27–28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандагы Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

2026-жылдын 27–28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасында Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү өтөт.

Маданий программанын алкагында Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынан искусство жана маданият тармагынын 200гө жакын өкүлүнөн турган чыгармачыл делегация келет. Эки күн бою Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна белгилүү артисттердин, музыкалык жана бий жамааттарынын катышуусунда концерттик программалар тартууланат.

Маданият күндөрүнүн программасына Өзбекстандын белгилүү өнөр ишмерлери катышат. Алардын катарында Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров (легендарлуу «Ялла» тобунун көркөм жетекчиси), Озодбек Назарбеков, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова бар.

Ошондой эле көрүүчүлөргө «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдеринин өнөрлөрү жана Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин аткаруусундагы концерттик программа тартууланат.

Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи 2026-жылдын 27-июлунда саат 19:00 Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтөт.

Жабылуу аземи 2026-жылдын 28-июлунда саат 19:00 Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өткөрүлөт.

Маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп, эки өлкөнүн элдеринин достугун бекемдөөгө, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Өзбекстандын бай маданий мурастарын өз ара таанытууга өбөлгө түзөт.