Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды: маданий программа тартууланды
Маданият министрлиги
24 июль

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды: маданий программа тартууланды

2026-жылдын 23-июлунда Кыргыз Клуттук тарых музейинде «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды!» аттуу расмий иш-чара өтүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Маданий программасы коомчулукка тааныштырылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Маданий программасынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов, маданий программанын координаторлору, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер, өнөктөштөр жана чыгармачыл жамаат катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Маданий программасынын концепциясы, негизги багыттары, өткөрүлүүчү локациялары жана маданий иш-чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле дүйнөнүн 90дон ашуун мамлекетинен келе турган катышуучулар менен коноктор үчүн даярдалган маданий программанын мазмуну, өзгөчөлүктөрү жана мааниси тууралуу баяндалды.

Расмий иш-чаранын алкагында оюндардын эң ири маданий демилгелеринин бири болгон «Биримдик кербени» жалпы улуттук руханий-маданий кербенине старт берилди. 40 күнгө созула турган кербен өлкөнүн 40 аймагын кыдырып өтүп, соңунда Улуу көчкө биригери белгиленди. Демилге көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, кыргыз элинин маданий мурасын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын рухун кеңири жайылтууга багытталган.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары «40 күн калды!» аттуу символикалык акция өткөрүлүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган бирдиктүү маалыматтык өнөктүккө расмий старт берилди.

Белгиленгендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын дүйнөгө тааныткан эң ири эл аралык долбоорлордун бири болуп саналат.

Ал эми анын Маданий программасы кыргыз элинин бай маданий мурасын жайылтууга, эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого жана дүйнө элдеринин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.