Чолпон-Атада алгачкы жолу дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт
Чолпон-Атада 1-2-3-август күндөрү "Рух Ордодо" дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт. Бул ири маданий иш-чара тууралуу маалымат берүү үчүн журналисттерге маалымат жыйын болуп өттү.
Ага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Роза Аманова жана Эл аралык салттуу музыка жана бий кеңешинин президенти Тан Суи Бенг катышты.
"Фестивалга дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыкалык искусство ишмерлери, музыканттар, изилдөөчүлөр, эксперттер, продюсерлер катышат. Алар өз элдеринин кылымдарды карыткан, кайталангыс музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын дүйнө коомчулугуна тартуулашат", - деди министр.
Иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ошондой эле, Мирбек Мамбеталиев сынактын жеңүүчүсүнө баш байге катары 1 млн сом берилерин кошумчалады. Ал эми жалпы сынактын байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Бул өзгөчө иш-чаранын негизги максаты – дүйнөлүк маданий мурастын терең байлыгын даңазалоо жана азыркы ааламдашуу доорунда маданияттар аралык диалогду бекемдеп, элдердин ынтымак-ырашкерлигине көпүрө болуу. "Рух Санат" фестивалы аркылуу Кыргызстан салттуу маданият жана искусствонун дүйнөлүк чордонуна, аянтчасына айлануу.
