Баткен  облусунун 25 жылдыгына карата борбордук стадиондо көргөзмө-жарманке өттү
13 октябрь

Баткен облусунун 25 жылдыгына карата борбордук стадиондо көргөзмө-жарманке өттү

Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 25 жылдыгына карата борбордук стадиондо көргөзмө-жарманке өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара беш багытта уюштурулду. Алар:

  • "Кыргыз ордосу" көргөзмөсүндө 25 жылдыкка 25 боз үй тигилди;
  • "Баткен кечээ бүгүн жана эртең"аталышында сүрөт көргөзмөсү;
  • "Дасторкон ажары" улуттук тамак аш көргөзмөсү;
  • Айыл чарба жарманкеси;
  • "Менин өнөр канам" кол өнөрчүлүк жана ойлоп табуучулук көргөзмөсү.

Мындан сырткары, Баткен жана Лейлек килемдери жайылып,көпчүлүктүн көңүлүн бурду.