Авторлор же мураскорлор чыгарманы пайдалангандыгы үчүн гонорарды кантип ала алышат
22 декабрь

Авторлор же мураскорлор чыгарманы пайдалангандыгы үчүн гонорарды кантип ала алышат

Кыргызпатентте “Авторлорду издейбиз” маалыматтык кампаниясы жүрүп жатат. Анын алкагында биз мобилдик телефон колдонуучулардын баарына билдирүү жөнөттүк.

Эгерде сиз автор, композитор, аткаруучу болсоңуз, Кыргызпатенттин Фейсбуктагы баракчасынан өз аты-жөнүңүздү издеңиз.

Тизмекте аты-жөнүңүз бар болсо, бизге кайрылып, гонорар алып кетиңиз. Аты-жөнүңүз жок болсо, анда бул билдирүү сиз үчүн эмес.

Сизге тиешелүү автордук сыйакы алуу үчүн, төмөнкүлөр керек:

  1. Чыгармаларыңызды каттоого ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүңүз;
  2. Автордун же аткаруучунун каттоо баракчасын толтуруу;
  3. Паспортуңуздун көчүрмөсүн же автордон наториалдык тастыкоочу документ, мураскорлор үчүн мыйзам боюнча мурас жөнүндө күбөлүк;
  4. Банктан эсеп ачып, комиссияны которуу үчүн банктык эсептин көчүрмөсү.