Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” комплексине барды
22 август

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” комплексине барды

Кыргызстанга расмий жумуш сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.