Кыргызстандык бийчилер Парижде өтчү Fusion Concept дүйнөлүк финалында өлкө намысын коргойт
Бишкек шаарында 2-августта заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатынын расмий тандоо туру — Fusion Concept Qualifier Kyrgyzstan 2026 ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Ири эл аралык деңгээлдеги мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 400дөн ашуун бийчи катышып, дүйнөлүк финалга жолдомо алуу үчүн күч сынашты.
Тандоо турунун жеңүүчүлөрү үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Франциянын Париж шаарында өтө турган Fusion Concept дүйнөлүк финалында Кыргызстандын намысын коргойт.
Чемпионат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага министрликтин Искусство башкармалыгынын башчысы Акжол Доранбек уулу катышты.
Иш-чаранын атайын коноктору катары дүйнөгө белгилүү бийчилер жана эл аралык даражадагы калыстар — Kanon Zouzoua, Mouina, Jin, Spider, Oma жана Jan Voinov катышып, мелдешке калыстык кылышты.
Уюштуруучу Jan Voinov белгилегендей, турнирдин негизги максаты — Кыргызстандагы таланттуу жаштарга дүйнөлүк аренада өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө шарт түзүү, көчө бий маданиятын өнүктүрүү жана кыргызстандык бийчилердин эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу болуп саналат.
Жыйынтыгында Bogdan The Flava & Luka жеңүүчү деп табылып, Париж шаарында өтө турган дүйнөлүк финалда Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болушту.
