Ошто 18-майда Эл аралык музейлер күнү салтанаттуу белгиленет
Маданият министрлиги
15 май

Ошто 18-майда Эл аралык музейлер күнү салтанаттуу белгиленет

Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 18-майда Эл аралык музейлер күнү салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Быйылкы майрамдын негизги темасы — «Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик».

Майрамдык иш-чаралар саат 12:00дөн 21:00гө чейин уланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн бай жана кызыктуу маданий программа сунушталат.

Иш-чаранын алкагында:

  • ачык эшиктер күнү;
  • сүрөт жана кол өнөрчүлүк жарманкеси;
  • оюн-зоок аймактары;
  • жаңы көргөзмөлөрдүн ачылышы;
  • жандуу музыкалар уюштурулат.

Майрамдын негизги максаты — музейлердин коомдогу ролун даңазалоо, маданий мурастарды кеңири жайылтуу жана ар түрдүү муун өкүлдөрүн искусство аркылуу бириктирүү.

Уюштуруучулар бардык каалоочуларды Эл аралык музейлер күнүн биргеликте белгилеп, маданият дүйнөсүнө саякат жасоого чакырат.