
Тарыхчы Далия Алтунтепе КРнын Бельгиядагы элчилигине сейрек кездешүүчү архивдик материалдарды белекке берди
Изилдөөчү-тарыхчы жана ишкер Далия Алтунтепе Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигине европалык булактардан сейрек кездешүүчү материалдарды белекке берди. Алар Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында ыйгарылгандыгын КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, карта – 147х1097 мм өлчөмүндөгү, болжол менен 4300 метр бийиктиктен тартылган жана Борбордук Тянь-Шандын бөлүктөрүн, Сары-Таш өрөөнүнүн баш жагын, Хан-Теңири чокусун чагылдырган панорамалык сүрөт. Бул карта-сүрөт 1906-жылы Мюнхенде басылып чыккан.
Мындан тышкары, Д.Алтунтепе элчиликке кыргыздардын турмушун жана турмушундагы окуяларды чагылдырган кылымдагы немис сүрөттөрүнүн бир нече репродукциясын берди.
Белгилей кетсек, "Бороонго кабылган Түркстандагы үйүр жылкылар" деген сүрөттү тартууда жыгачка оюу түшүрүү сыяктуу графикалык ыкма колдонулган. Европада жыгачтан оюу кылымдын көркөм сүрөтүндө туу чокусуна жеткен, бирок бүгүнкү күндө бул ыкма китеп иллюстрациясында жогорку сапаттагы ыкма катары бааланат.
Белгилей кетсек, Европада туулуп-өскөн Д.Алтунтепе өзүнүн түрк тамырын жоготпой, Борбордук Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын маданиятын жана туристтик потенциалын Европада илгерилетүүгө умтулат. Д.Алтунтепе элчиликке кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу башка раритеттик материалдарды да өткөрүп берүүгө ниеттенүүдө.