Кыргызстан Канндагы эл аралык кинорынокто улуттук кинону тааныштырды
Кыргыз делегациясы Францияда өткөн 79-Канн эл аралык кинофестивалынын алкагындагы Marché du Film кинорыногуна катышып, “Kyrgyzcinema” улуттук стендин сунуштады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
2026-жылы кыргыз стенди дүйнөдөгү эң ири кинорынокто бешинчи жолу көрсөтүлдү. Улуттук аянтчада кыргыз киноиндустриясынын заманбап долбоорлору, тасмалары жана эл аралык кинофорумдары тааныштырылды.
Кинорыноктун алкагында эл аралык кызматташтык, копродукция жана Борбор Азия киносун дүйнөлүк рынокко чыгаруу боюнча бир катар жолугушуулар өткөрүлдү. Ошондой эле Cannes Docs платформасына UmutDoc фестивалы катышып, Борбор Азиядан сунушталган жалгыз документалдык кинофестиваль болду.
Эл аралык аудиторияга “Кара, кызыл, сары”, “Буйрук”, “Шерменделик карнавалы” жана “Мерген” тасмалары көрсөтүлдү.
Marché du Film 2026дагы катышуу кыргыз жана Борбор Азия киосуна болгон эл аралык кызыгуунун өсүп жатканын тастыктады.
