Бишкекте жаш сүрөтчүлөр арасында өткөрүлгөн сынак жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары
22 декабрь

Бишкекте жаш сүрөтчүлөр арасында өткөрүлгөн сынак жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары

Бишкекте “Кыргыз жүзү” аттуу жаш сүрөтчүлөр арасында өткөрүлгөн сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 20-октябрда  Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү, жеңүүчүлөр жана сүрөт искусствосунун күйөрмандары катышты. 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сүрөтчүлөр арасында өткөрүлгөн Республикалык көргөзмө-сынактын жеңүүчүлөрү көркөм сүрөт искусствосу, скульптура, графика, декоративдик-прикладдык искусство номинациялары боюнча аныкталды. 

Көркөм сүрөт искусствосу боюнча:
I орун – Руслан Абдыкеримов “Барсбек кагандын стеласынан мамлекеттүүлүккө чейин” – 250 000 (эки жүз элүү миң) сом; 
II орун – Туралы Табалдиев “2024 ”– 200 000 (эки жүз миң) сом;
III орун – Жолдошбек Казакбаев “1916-ж. Үркүн” – 150 000 (жүз элүү миң) сом.
Скульптура боюнча:
I орун – Байысбек Батырбаев “Эр кошой” – 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
II орун – Алтай Усенов “Аттын аңгемеси” – 200 000 (эки жүз миң) сом;
III орун – Рахат Токтобаева “Иманаалы Айдарбеков”– 150 000 (жүз элүү миң) сом.
Графика боюнча:
I орун – Замир Илипов “Кыздары кыйын кыргыздын” – 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
II орун – Аким Турганбаев “Репрессия” – 200 000 (эки жүз миң) сом;
III орун – Айтбубу Бадахшанова “Күн-бала”, “Түндүк”, “Көчмөндөр дарагы” – 150 000 (жүз элүү миң) сом.
Декоративдик-прикладдык искусство боюнча:
I орун – Залкарбек Эсенканов “Репрессия”– 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
II орун – Нурия Исакова “Ташчайнар” – 200 000 (эки жүз миң) сом;
III орун – Кимия Торогелдиева “Узак жол” – 150 000 (жүз элүү миң) сом.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган республикалык көргөзмө-сынакка 232 эмгек келип түшкөн.

КР Сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдыгына карата “Кыргыз жүзү” аталышындагы жаш сүрөтчүлөр арасында өткөрүлгөн көргөзмө-сынакка 118 эмгек келип түшкөн.

Көркөм сүрөт искусствосу, скульптура, графика, декоративдик-прикладдык искусство номинациялары боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү аталды. 
Көркөм сүрөт искусствосу боюнча:
I орун – Урмат Сереңов “Абдрахманов жана үмүт”  – 100 000 (жүз миң) сом;
II орун – Бексултан Азимбаев “Молчание”  – 80 000 (сексен миң) сом;
III орун – Абай Насирдин уулу “Жүк” – 60 000 (алтымыш миң) сом.
Скульптура боюнча:
I орун – Арзымат Жороев “Абдыкадыр Орозбаков” – 100 000 (жүз миң) сом;
II орун – Бакыт Иманбаев “Ишеналы Арабаев” – 80 000 (сексен миң) сом;
III орун – Амантур Иманалиев “Бүркүтчү” – 60 000 (алтымыш миң) сом.
Графика боюнча:
I орун – Кыял Аккүчүкова “Толубай сынчы” – 100 000 (жүз миң) сом;
II орун – Ариана Рахимжанова “Тени высших слоев общества – 80 000 (сексен миң) сом;
III орун – Алина Григоренко “Сынган үмүт” сериясы – 60 000 (алтымыш миң) сом.
Декоративдик-прикладдык искусство боюнча:
I орун – Каухар Алишерова “Саймалуу таш” – 100 000 (жүз миң) сом;
II орун – Айдана Бейшенбаева “Пески времени” – 80 000 (сексен миң) сом;
III орун – Шадыбек Эрназаров “Мелодия гор” – 60 000 (алтымыш миң) сом.

Ошондой эле, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен Сүрөтчүлөр союзунун төмөндөгү мүчөлөрү сыйланды. 

Иброхим Маданов, Нурбек Жолбунов, Жакшылык Чентемиров, Нурлан Кебек уулу, Министрликтин "Ардак грамотасы" менен Рахат Токтобаева.