Ош шаарында Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди
Ош улуттук драма театрында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарындагы бардык тармактардан 700 айым чакырылып, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, аруулуктун символу болгон аялзатын майрамы менен куттуктады.
Шаар башчысы убагында эл үчүн кызмат өтөгөн ардактуу апаларга ыраазычылыгын айтып, аялзатына урмат-сый көрсөтүү менен статусун көтөрүү керектигин билдирди. Аялдардын саламаттык сактоодо, билим берүүдө, өндүрүштө, маданиятта, спортто, ишкерликте – кайсы гана тармак болбосун, Ош шаарынын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы чоң экендигин жана шаардын тазалыгын камсыздап, жашылдандыруу иштерин колго алган апалардын эмгегин баалап, маянасын көтөргөндүгүн белгиледи.
Майрамдык иш-чаранын алкагында Кыргызстандын белгилүү айымдары тууралуу сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, энелерди даңктаган, аялзатын барктаган, жаз, сулуулук, сүйүү ырлары жаңырып, концерттик программа менен коштолду.
Бул күнү аялзаты – мээрим менен кайраттын, аруулук менен сулуулуктун, сабыр менен күчтүн айкалышы экендиги даңазаланып, майрамдык шаң тартууланды. Ошондой эле ийгилик жараткан айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы ыйгарылып, иш-чарага чакырылгандарга мэрия тарабынан атайын белектер тапшырылды.
