Ысык-Көлдөгү маданий мекемелердин абалы текшерилди
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Ысык-Көл облусун кыдырып чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапар Балыкчы шаарынан башталып, Түп, Каракол, Ак-Суу, Жети -Өгүз, Тоң жергесине чейин уланды.
Анда райондук жана шаардык маданият мекемелери: китепканалар, маданият үйлөр, музейлер, театр жана искусство мектептеринин абалын текшерди.
Жыйынтыгында ар бир объект боюнча жеринен реалдуу маалыматтар алынды жана бул маалыматтарды министрлик мындан аркы иш-пландарды түзүүдө колдонот.
Ал эми мындай жеринен таанышуу министрлик өлкө боюнча улантат.
